7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профессор Абакиров: Жайсаңчылар калмакты биринчи манасчы кылып жатат

444

Профессор, филология илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы Курманбек Абакиров: Жайсаң тууралуу алгач Шакин Эсенгулов жазып чыкканда, ал жөн гана көркөм чыгарма болгон, көп нерсени жазуучу өз оюнан чыгарган. Бирок кийин сырттан каржылык жардам алган кайсы бир күчтөр анын идеясын пайдаланып, Эсенгуловдун өзүн сыртка чыгарып салган жана Манасты азыр Манастын өзүнө каршы коюуда.

«Манаста» эки Жайсаң бар, биринчиси – калмак ырчысы, экинчиси – кырк чоронун бири Жайсаң Үмөт уулу, бирок жайсаңчылар экөөнү бириктирип, Манасты биринчи болуп анын жанында жүргөн ырчы чоро ырдаган деп, калмакты алгачкы манасчы кылып жатат. Аны менен эпостун маңызына доо кетип жатканына карабай, аларды «экстремист» деп тааныган сот чечимин дагы көзгө илбей, жайсаңчылар кыргыз менен Манасты бир-биринен ажыратууну көздөгөн аракеттерин улантууда…

445