7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профессор Азиз Санжарга Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы тапшырылды

234

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Будапешт шаарында өткөн ТМУнун бейформал саммитине катышуунун алкагында Уюмдун Төрагасы катары дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз — профессор Азиз Санжарга«Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды.


Садыр Жапаров сыйлык тапшырып жатып Азиз Санжар жөн гана окумуштуу эмес, ал илим жана түрдүү маданиятты байланыштырган көпүрө сыяктуу кызмат кылуунун үлгүсүнө айланганын белгиледи.

«Анын молекулярдык биологияга жана медицинага кошкон зор салымы жөн гана бир адамдын жетишкендиги эмес, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон окумуштуулар үчүн шыктануу болуп саналат», — деди Мамлекет башчысы.

Ал Азиз Санжар биздин замандашыбыз жана улуу түрк элинин бир бөлүгү экенине сыймыктануу билдирди. Алишер Навои атындагы сыйлыктын ыйгарылышы –дүйнөлүк илимий коомчулукта түрк дүйнөсүнүн маданий жана интеллектуалдык элчиси катары кызматын баалоо болуп саналат.

Азиз Санжар ультрафиолет нурлануусунан жабыркаган ДНКны калыбына келтирүү механизмдери боюнча жасаган иштери менен белгилүү. Анын изилдөөлөрү картаюу процесстерин жана рактын өрчүшүн түшүнүү үчүн олуттуу мааниге ээ. Ал 400дөн ашык илимий макалалардын жана 33 китептин автору.

2015-жылы ДНКны калыбына келтирүү боюнча изилдөөсү үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Алишер Навои атындагы биринчи эл аралык сыйлык 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда өткөн ТМУ мамлекет башчыларынын он биринчи саммитинин алкагында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго каза болгондон кийин ыйгарылган.

235