Бүгүн, 20-ноябрда президент Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада прокуратура органдарынын ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы, КРнын прокуратура органдарында көп жылдык жана кынтыксыз кызматы үчүн президенттин жарлыгы менен «КРнын эмгек сиңирген юристи» ардак наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:
- Башкы прокуратурасынын мыйзамдарды экспертизалоо жана ишти уюштуруу башкармалыгынын улук прокурору Урак Абдылдаевге;
- Прокуратура органдарынын ардагери Талантбек Акышовго;
- Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүүлөр бөлүмүнүн начальниги Таалайбек Касымбековго.
Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын укук коргоо органдары жана контролдоо органдары чөйрөсүндө мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги Арстанбек Чороев Ардак грамотасы менен сыйланды.
Мындан сырткары, прокуратура органдарында ишинде өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлер президенттин энчилүү сааты менен сыйланышты.