7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Таласта лицейдин кызматкерлери өздөрүнө 9 эсе көп айлык алып жүргөнү аныкталды

743

Таластагы кесиптик лицейдин кызматкерлери өздөрүнө айлыкты мыйзамсыз негизде 9 эсе көбөйтүп алып жүргөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

«Бекитилген тарификациялык тизмеге карабастан, жалпы 2 миллион 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан. Мисалы, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери К.Т. 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон», — деп айтылган билдирүүдө.

Жогорудагы факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

744