Эл аралык олимпиада комитети кыргызстандык 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан стипендия төлөй баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
Ага ылайык, үстүбуздөгү жылдын 1-майынан тарта 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчу стипендия алат.Сый акы 2022-жылдын май айынан 2024-жылдын 31-августуна чейин берилет.
Буга чейин 10 стипендия болсо, бул жолкуда спортчулардын саны 15ке жетти. Келшим боюнча стипендия 1-майдан баштап берилмек, бирок каражат азырынча түшө элек.Акча түшөрү менен спортчуларга каражат бериле баштайт”, — деп айтылат билдирүүдө.
Тизме:
- Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;
- Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;
- Алибек Осмонов – эркин күрөш;
- Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;
- Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;
- Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;
- Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;
- Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;
- Калмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;
- Владимир Золоев – дзюдо;
- Нурсултан Кенешбеков – жеңил атлетика;
- Гүлшан Сатарова – жеңил атлетика;
- Денис Петрашов – сууда сүзүү;
- Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетика;
- Нурадин Рустамбек уулу – бокс.