7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
33°C

Президент Акыйкатчыны кабыл алды

148

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун актуалдуу маселелери, Омбудсмен Институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.   Акыйкатчы Мамлекет башчысына көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери тууралуу маалымат берди. Ал адам укуктары бузулган конкреттүү учурларына токтолуп, кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин белгиледи.

Мындан тышкары,  Атыр Абдрахматова быйыл Кыргызстандын Акыйкатчысынын түптөлгөнүнө 20 жыл толо турганын айтып, буга карата  Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамаларына ылайык, Акыйкатчынын макамын Париж прициптерине толук ылайык келтирүү максатында жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүп жатканын белгиледи. Ошону менен бирге, ал жакын арада түзүү пландалып жаткан Акыйкатчыга караштуу адам укуктары боюнча Регионалдык институтунун концепциясы менен тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров Омбудсмен Институтунун адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишин чыңдоо, Мыйзамдын бардыгы тарабынан аткарылышы жана урматталышы принциптерин жылдыруу зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы адамдын жана жарандын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү жана теске салынган чараларды жүргүзүү – элге кызмат кылуунун негизги талабы экенин билдирип, жарандарыбыздын көйгөйлөрү жеринен так, өз учурунда мыйзамдуу чечилишин бардык мамлекеттик түзүмдөрдөн талап кылынганын баса белгиледи.

Жолугушууда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча дүйнөлүк коомчулуктагы мамлекеттин даражасын жогорулатуу жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин укук коргоочуларынын эл аралык стандарттарга умтулуусун кубаттоо менен биргеликте алдыңкы практикаларды жайылтуу иш чаралары макулдашылды.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

149