7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Прокурордун өз эрки, басым болбойт». Зулушев Болот Назаровго 10 жыл сураган прокурор тууралуу үн катты

431

Бүгүн, 31-январда «2022-жыл ичиндеги прокуротура органдарынын ишмердүүлүгү» тууралуу маалымат жыйыны болуп өттү. Анда башкы прокурор Курманкул Зулушев акын Болот Назаровго 10 жыл сураган прокурор тууралуу айтты.

“Сотто катышкан прокурордун өз эрки, басым болбойт. Эгерде ал күнөөсү бар деп санаса, канча жылга кесүү тууралуу соттон сурайт. Катышкан прокурор ошол максатта 10 жыл сурап жатат. Ишти эң жакшы ошол прокурор билет.”,- деди ал.

19-январда тараптардын талкуусунда прокурор айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ошондой эле, Зулушев Болот Назаров акталбаганын, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазгандыктан иш кыскарганын билдирди.

Эскерте кетсек, акын Болот Назаров Москва районунда өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип кармалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

432