Бишкекжашылчарбанын №1-оранжереясында бир жылдык гүлдөрдүн уругу себилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жайында борбордо калаабызда 1 000 600 гүл ачылат.
«Биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 300 миң уругу себилип, жакында алар тамыр байлайт. Алгач биздин кызматкерлер атайы идишке олтургузушат, ачык жерге отургузганда тамырына зыян келбеши үчүн. Бишкекжашылчарбанын» эмгекчил кызматкерлеринин көзөмөлү астында гүлдөр күнөсканаларда өсөт»,- деп берилет маалыматта.
Эске салсак, бул жылы гүлзарларда сальвия, тагетес, цинния, георгин, агератум жана башка гүлдөр менен кооздолот.