7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Психикалык оорулуу жарандарга айдоочулук күбөлүктөр берилген

557

Башкы прокуратура Жумгалда психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турган 3 жаранга айдоочулук күбөлүктөр берилгенин билдирди.

Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жооптуу кызмат адамдары каттоодо турган 3 жаранга «психикалык жактан оорубайт» деген медициналык корутундуларды беришкен.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин Жумгал сектору тарабынан аталган жарандарга “В, С” категориясындагы айдоочулук күбөлүктөр берилген.

Аталган факты боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат.

 

558