7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин Пригожиндин өлүмү боюнча комментарий берди

689

Орусиянын президенти Владимир Путин каза болгону айтылып жаткан «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин боюнча комментарий берип, аны эскерди.

Путин Пригожинди 90-жылдардан бери тааныганын айтып, анын тагдыры оор болгон ошондой эле жашоосунда олуттуу каталарды кетиргенин белгиледи. Ошондой эле Пригожиндин күчтүү болгонун, ал өзүнө керектүү натыйжаларга жеткендигин айткан.

“Таланттуу адам, бизнесмен эле, өлкөдө гана эмес чет мамлекеттерде да иштеди. Каза болгондордун жакындарына терең көңүл айтам” ,-деген өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, 23-августта Орусиянын Тверь облусунда авиакырсык катталган. «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Embraer ERG 135 үлгүсүндөгү  жеке учагы кырсыкка учураган.

Маалыматка ылайык, бортто 10 адам болуп алардын баары көз жумган. Анын ичинде Пригожин жана Дмитрий Уткин дагы болгон. Адамдардын сөөктөрү күйүп кеткендигине байланыштуу кимге таандык экендигин аныктоо мүмкүн болбой жатат.  Учурда ДНК-экспертиза жүргүзүлүп, окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690