7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин жана Жапаров окшоштугу же биздеги жаңы доордун, жаңы жолдун башталышы

212

Өткөндө экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов “Кыргызстандагы эң бай
адамдардын 75 пайызы мамлекет эсебинен байыган чиновниктер”
– деп маек бериптир. Бул көпчүлүк жакшы билген ачуу чындык. Чынында Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекеттик кызматтын майлуу жерине баргандар эл ырыскысынан улуп-жулуп отуруп, бүгүн эң бай адамдардын катарында жүрүшөт. Мамлекеттин бүгүнкү кейиштүү абалы дал ошолордун арам колу, жеке керт башынын камын жеген арам курсагынын кесепети. Элдин каары кайнап, кайра – кайра бийликти алып ыргытып жатышынын да чоң себеби ошол. Кызарган жердин баарын баса калган ач көздүк 90-жылдары башталып, бүгүнкү күнгө чейин токтобой келет. Өздөрүн саясий элита атаган саясатчылардын тобу Кыргызстандагы жаңыланууга, мамлекетибизде бекем тартип, элдик бийлик орношуна караманча каршы болушууда. Себеби, алар бийликке мурдагыдай таасир эте албай калса, бизнеси жабыркайт, өздөрүнө кылмыш иши козголуп, таза эмес жол менен тапкан байлыгына коркунуч туулат. Учурда асалып жаткан иштерден улам элдин үмүтү жанып, ал эми эл эсебинен байыган “элиталардын” шаштысы кете баштады. Дал ушуну эл каалап турат. Кескин реформалар жасалып, экономика көмүскөдөн чыкса, айлыгына байлыгы туура келбеген эски- жаңы чиновниктер бири калбай жоопкерчиликке тартылса деген жалпы элдин каалоосу, 30 жыл күтүп келген мүдөөсү.

2021-жылы Кыргызстаныбыз жаңы жолго түшүп, жашообуз жаңы барактан башталып, тарыхыбыздын жаңы доору башталчудай сезим жалпы элди аралып жүргөнүнүн себеби да ошодон. Карапайым калктын калың катмары Садыр Жапаровдон дал ушуну күтүүдө.

“Жакшы тилек жарым ырыс” дейт, Садыр Жапаровдун “Башкы прокурор, УКМК, Ички иштер министрлиги. Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда: «Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казынасына кол салса, салыкты жашырса,
коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш» деген элем. Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны
жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак
эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине
байланыштуу, туугандар»
— деген сөзү элдин демине дем кошту. Үмүт отун жандырды.
Убагында дүйнөнү башкарган эки империянын бири болгон СССРдин мураскери
Россия 1990-жылдан 2000-жылга чейин дал азыркы Кыргызстандай таланып-
тонолуп, мыйзамдын “м” тамгасы да иштебей, олигархтардын башкаруусу өкүм
сүргөн. Борис Березовский, Михаил Ходорковский, Михаил Фридман, Владимир
Потанин өңдүү капчыктуулардын “Жетибанкирчилер” деп аталган тобу Россиянын
каржы, өнөр-жай, металлургия, мунай сыяктуу киреше берүүчү тармактарынын
баарын көзөмөлдөп келишкен.

2000-жылы Россиянын бактысына Владимир Путин өлкө башчылыгына келип, бир кездеги кубаттуу мамлекетти 10 жыл ичинде чөгөлөтүп салган дал ошол олигархтарды оюндан четтетип, аз убакыттын ичинде өлкөнү өргө сүрөдү. Оюндагысын кылган орус олигархтарын ордуна коюп, камачусун камап, кустурчусун кустуруп, көмүскө агып жаткан миллиарддарды бюджетке буруп салды. Быйыл жазында Владимир Путин ТАСС агенттигине берген маегинде “90-жылдары олигархтар түздөн түз мамлекеттик чечимдерге кийлигише алышчу. Ички саясат, экономикалык жада калса тышкы саясатка дагы таасир этип келишкен. Азыр анын бири жок” – деген.


Ал эми Кыргызстанда азыр абал кандай? Кудум эле олигархтар башкарган 90-жылдардагы Россиядагыдай! Кирешелүү тармактын баары кайсы бир саясий топтордун калкалоосунда! Арак-шарап, ун, курулуш падышалары парламент менен Бишкек шаардык кеңешин ээлеп алышкан. Депутаттык ыйгарым укугун пайдаланып, жеке бизнесине шарт түзгөн мыйзам долбоорлорун өткөртүп келишти. Миллиарддаган суммадагы мамлекеттик сатып алуулар, тендерлер жалаң бийликке жакын топторго жашыл жарыгын күйгүзүп турду. Өлкө казынасына төгүлчү миллиондогон салыктар жашырылып, көмүскө экономика өт жогорку деңгээлге жетти. Эгер Садыр Жапаров ушунун баарын кан буугандай токтотуп, тартипке салса, мамлекетибиз аз убакыттын ичинде өнүгүү жолуна түшөт. Буйруса Садыр Жапаровдо Путиндикиндей эрк, жалпы элдин колдоосу жетиштүү болуп турат. Мындай тарыхий мүмкүнчүлүктү ал колдон чыгарбайт деп ишенебиз!

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 21-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

213