Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 3) кезектеги мелдешинде Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков россиялык Анвар Аллахьяровду жеңип алды.
Шаршенбеков күрөштүн грек-рим түрүнөн 60 кг салмакта россиялык күчтүү балбан Анвар Аллахьяров менен кез келди. Күрөш башталганда россиялык спортчу бутун кокустатып алып, мындан улам жеңиш Жоламанга ыйгарылды.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште кыргызстандык балбандар Үзүр Жусупбеков менен Мээрим Жуманазарова дагы атаандаштарын утту.