Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 3) кезектеги мелдешинде Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова россиялык Ксения Буракованы жеңди.
Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмакта Россиянын бир нече жолку чемпиону Ксения Буракова менен күрөшүп, 6:2 эсеби менен Мээрим атаандашынан алдыга озуп чыкты.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште кыргыз балбаны Үзүр Жузупбеков дагы жеңишти камсыздаган.