7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үрөй учурган окуя. Бишкекте коляскада отурган адамды каналга түртүп жиберген (ВИДЕО)

5393

Бишкекте белгисиз жаран майып коляскасында отурган кишини бийиктиктен түртүп жиберген. Бул тууралуу 7-каналга Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта милицияга №4 ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жарандын кабыргалары сынганы, ал ооруканада көз жумганы айтылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркум ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда майыптар коляскасында табылганын аныкташкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 40 жаштагы жаран кармалган. Тергөө уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5394