9-октябрда Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, болжол менен саат 16:30 чамасында «Хундай-Соната» авто унаасынын айдоочусу, 1985-жылы туулган Б. Р. Б Калинин – Жон-Арык жолунун 4-чакырымында түндүктү көздөй бара жатып, рульду башкара албай бакты катуу сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп, дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.