7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үрөйдү учурат. Таласта 39 жаштагы келин токойдо төрөп, ымыркайын ошол жерге тирүүлөй көмүп салган

1478

Таласта 39 жаштагы келин токойдо төрөп, андан кийин ошол жерге ымыркайын тирүүлөй көмүп салган. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас шаарында 4 баласы менен чогуу жашап жүргөн келин 2021-жылдын октябрь айларында никеси жок кош бойлуу болуп калган. Талас шаарында токой жээкте сейилдеп жүргөн маалда толгосу башталып, ошол жерден төрөп, андан кийин эмне кылаарын билбей жаңы төрөлгөн ымыркайды тирүүлөй көмүп, кетип калган.

Белгилей кетсек, окуя боюнча Талас ШИИБне 13-май күнү облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгери телефон аркылуу билдирүү жасаган. Анда Талас шаарынын тургуну 1983-жылы туулган К. Е. төрөттөн кийинки абалда, наристеси жок кайрылганын билдирген.

Аталган факты ошол эле күнү маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган.

Окуя боюнча соттук-медициналык эскпертиза дайындалып, ымыркайдын жансыз денеси Талас ОБОго жеткирилип, экспертиза дайындалган.

Бул факты боюнча 14-майда Кылмыш-Жаза кодексинин 125-беренесинин негизинде “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүү” фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалган. Учурда Е.К. Талас ОБОнун гинекология бөлүмүндө дарыланууда.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1479