Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолу бир тараптуу ачылганын ӨКМден билдиришти.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-май күнү саат 19:30дар чамасында катуу жааган жаандан сел жүрүп, Лейлек районунун Катраң — Коргон — Раззаков унаа жолу убактылуу жабылган.
Калыбына келтирүү иштерине Катраң айыл өкмөтүнөн 1 бирдик автогрейдер, 1 бирдик автожүктөгүч, Катраң — Баул унаа жолун калыбына келтирүүгө 1 жеке менчик скорпион тартылып, жол каттамы саат 10:15те бир тараптуу ачылды.
Учурда Баул айылындагы электр мамычасын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.