7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рабия, Алия жана Асия. Ошто үч эм төрөлдү

648

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Каратаева Гулжамал 27-августта Ош шаардык төрөт стационарында үч эмди операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үч эм кыздардын салмактары:
-1855,0 гр,
-1600,0 гр,
-1390,0 гр.

Эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы. Бул күнгө чейин Гулжамал бир кыздын энеси болсо, эми минтип үч кызды төрөп төрт баланын энеси болгонуна кубанычында чек жок. Кыздардын ысымын Рабия, Алия жана Асия деп аташкан.

Бүгүн, 13-сентябрь күнү ымыркайлар энеси менен биргеликте канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылды. Бул үй- бүлөгө бакубат жашоо жана ымыркайларга бактылуу балалык каалайбыз.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында быйылкы жылы үч эмдин төрөлүшү бешинчи ирет катталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

649