7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рамазан — 2021. Кадыр түндө айтылчу эң керектүү жана пайдалуу дубалар

2428

Кадыр түндө айтылчу эң керектүү жана пайдалуу дубалар:

🌿 Оо, Жаратканым! Өзүңдөн чын жүрөгүм менен кечирим сураймын. Балакаттан баштап ушул убакытка чейинки кылган чоң-кичине баардык күнөөлөрүмө өкүндүм, кайттым. Экинчи эч качан кайталбаганга Өзүңдүн алдыңда сөз берем. Өзүмө өзүм зулумдук кылып күнөөлөргө баттым. Эми мени бул түйшүктөн Сенин мээримиң менен кечиримдүүлүгүң гана куткарат.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Сен кечиримдүүсүң.
Кечиргенди жакшы көрөсүң.
Мени да кечир.
🌿 Оо, Жаратканым! Бүтүндөй үммөттөр менен бирге, биздин устаздарыбыздын, ата-энелерибиздин, бир туугандарыбыздын, жубайларыбыздын, уул-кыздарыбыздын, досторубуздун, өзүбүздүн, таңда кылган, кечте кылган, күндүз кылган, түндө кылган, ачык кылган, жашыруун кылган, билип кылган, билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, акыреттеги бактылуулуктарды насип кыла көр.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Өзүң насип кылып берген ыйманыбызды бекем кылып, жүрөгүбүздү эч качан адаштыра көрбө.
Бизге Өзүңдүн гана ырайымдуулугуңду тартуула.
Албетте сен Берешен затсың.
Өзүңдү зикир кылганга, тынымы жок шүгүр кылганга, Сага гана ибадат кылганга күч кубат бере көр.
🌿 Оо, Жаратканым! Бизди эки дүйнөдө кара бет кыла көрбө. Ийненин учундай, чиркейдин канатынчалык бир амал ишибиз кабыл болгон болсо, ошонун урматына айып-күнөөлөрүбүздү жаап жашыра көр. Акыретте пайгамбарыбыздын алдында, улуу заттардын, ата-бабаларыбыздын алдында жер карата көрбө. Сен боорукерлердин боорукерисиң.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿Оо, Жаратканым! Сен кааласаң бактылуу кыласың, кааласаң бактысыз кыласың. Кааласаң бай кыласың, кааласаң кедей кыласың, Кааласаң ач кыласың, кааласаң ток кыласың. Кааласаң оорутасың, кааласаң айыктырасың. Кааласаң өлтүрөсүң, кааласаң тирилтесиң. Кааласаң жаннаттык, кааласаң тозоктуң кыласың. Бизди кечирип бактылуулардын катарына кошо көр. Сен кечиримдүүлөрдүн кечимдүүсүсүң.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Мени жалкоолуктан сакта, байкуштуктан сакта, коркоктуктан сакта, сараңдыктан сакта, карызга батуудан сакта жана адамдардын каарынан, алардын алдында эзилгенден сакта. Сен мээримдүүлөрдүн мээримдүүсүсүң.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Мекенибизге тынчтык бер. Башчыларыбызга акыйкаттык, чынчылдык менен бирге күч- кубатты, туура пикирди, көсөмдүктү, айкөлдүктү бере көр. Элибизге бүтүндүк бер, жерибизге түшүм бер. Бизди жер силкенген, кыян каптаган, кургакчылык жана башка оор сыноолор менен сынай көрбө. Урпактарыбыздан көрөгөч асылдарды, мекенин гүлдөткөн баатырларды чыгара көр. Сен чыныгы колдоочусуң.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿Оо, Жаратканым! Дүйнөдө кыйынчылык чегип, түрмөлөрдө зулумдук көрүп жаткан бардык бир туугандарыбызга жеңилдик бер. Өз мекенине кире албай куугунтукта жүргөндөрдү өзүң колдогун. Заалымдарды сенин таразаңа таштайбыз. Сен бизден дагы жакшы билүүчүсүң. Чыныгы акыйкат сот Өзүңсүң. Ооруп жаткандарга шыпааңды берип айыктырып сүйүндүр. Карызга баткандарга ырыскы буюруп кубандыр.
Ар бирибизге күрөө тамырдан дагы жакынсың. Жүрөк дарттарын айтпасак да билип турган улуу Затсың. Тагдырларды өзгөртө турган Өзүңсүң. Бербей турган нерселериңди кулдарыңа кыялдатпайсың.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Өзүң насип кылып берген ыйманыбызды бекем кылып, жүрөгүбүздү эч качан адаштыра көрбө.
Бизге Өзүңдүн гана ырайымдуулугуңду тартуула.
Албетте сен Берешен затсың.
Өзүңдү зикир кылганга, тынымы жок шүгүр кылганга, Сага гана ибадат кылганга
күч кубат бере көр.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Сенден такыбалыкты, абирдүүлүктү, эң мыкты кулк мүнөздү жана ток пейилдүүлүктү сурайбыз.
Өзүңдүн ыйык делген акыйкат сөздөрүңдү жана ислам динин бийик кыла көр.
Баардык пенделериңдин жан дүйнөсүн нурлантып көкүрөктөрүн ача көр.
Асман менен жердеги кулдарындын арасына сүйүү бер. Сага жакын болгон, Сенин бергендериңе канаат кылган жүрөгү таза, Сени сүйгөн жана Сен өзүң сүйгөн кулдарыңдан кыла көр.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿Оо, Жаратканым! Бизди жаман оорулардан, бөөдө кырсыктан, жаман өлүмдөн, кабыр азабынан, тозоктун отторунан сактай көр. Качандыр бир ажалыбыз жеткенде ыйманыбыз менен орозо айында, саждада жаныбызды ала көр. Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи ва саламдын шапаатынан насип кылып, шейиттер менен чынчылдар менен бирге кыла көр.
Сен жалгызсың, Сенден башка
сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Бизге илим, бекем ыйман , Сага гана тобоо кылган , Сага гана баш ийген, Сага гана таянган ыкластуу, мөлтүр булактай таза көңүлдүү, Сени тааныган, Сага гана ашык болгон, ошондой эле Өзүң менен жолугууну арзуулаган пенделериңден кыла көр. Сен жалгызсың, Сенден башка
сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Сенден тынчтыкты жана саламаттыкты сурайбыз. Ошондой эле чексиз ыраазычылыгыңды, Сенин өзгөчө көңүл бурууңду, берекетиңди, өзгөчө мамилеңди, жакындыгыңды, махбатыңды,дайыма колдоп бирге болушуңду суранабыз.
Сен ырайымдуулардын ыраймдуусусуң.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!
🌿 Оо, Жаратканым! Улуулуктун жана Берешендиктин ээси . Үмүттөрүбүздү үзө көрбө. Жалгыз таштай көрбө. Рамазандан рамазандарга жеткир. Кадыр түндөрдөн кадыр түндөргө жеткир. Өзүңдүн урматыңа, жалгыздыгыңдын урматына, ыйык сыпаттарыңдын урматына, улуу ысымдарыңдын акысынын урматына, пайгамбарыбыз Мухаммад
алейхис саламдын урматына дубаларыбызды кабыл кыл. Кечиримдүүлөрдүн кечимдүүсүсүң.
Сен жалгызсың, Сенден башка сыйынууга татыктуу зат жок!

Жеңишбек Жумакадыр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2429