Коомчулукта жаралып жаткан «Тажик паспорту бар жарандар өлкөдөн чыгарылабы?», — деген суроого ИИМ расмий жооп берди. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдады.
Анын айтымында, буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында тажик пасторту бар жарандар депортацияланып жаткандыгы маалымдалган. Бул билдирүү чындыкка дал келбейт.
«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирет, Кыргыз Республикасынын мыйзамында «депортация» түшүнүгү жок. Эгерде чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыштарды же жоруктарды жасаган учурда соттун чечими менен кылмыш жана жорукту жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин гана өлкөдөн тышкары чыгарылат», — деп берилет маалыматта.