Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чыккан чыр боюнча эксперт Рамис Кудайбергенов маалымат жыйында комментарий берди.
“Ашыкча улутчулдук сезимдерине алдырып кылган адилетсиздигине көңүл бурбайлы, эки элдин ортосундагы мамилени оңдошубуз керек. Майдаланбайлы. Бул спорт. Кыргыз жигиттерин чет элден келген туристтер сабырдуу, айкөл, акылдуу деген элес калтырышыбыз керек”,-деди ал.