7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рамзан Кадыровдун уулу Жаштар иштери боюнча министр болду

451

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу Ахмат орден менен сыйланып, республиканын жаштар иштери боюнча министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Магомед Даудов Ахмат Кадыров жаштар уюмдарынын ишинин сапатын жогорулатууга салым кошуп, жаштарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, облустун коомдук турмушуна активдүү катышып, ар кандай көйгөйлөрдү жогорку деңгээлде чечип жатканын кошумчалады.

Буга чейин Ахмат Кадыров Чеченстандын дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

2023-жылдын 5-ноябрында Рамзан Кадыровдун дагы бир уулу Адам Чеченстандын башчысынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылдын октябрь айында Адам Кадыров Чечен Республикасынын Баатыры наамын алганы кабарланган.

 

452