УКМК «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча кылмышка шектүү катары “Женго” каймана аттуу К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар, «Равшан-Тентек» криминалдык аты менен белгилүү жаранды Баткенде кармады.
А.Р.О 2001-жылы Дара айыл өкмөтүнүн»Көк-Дөбө» дачасын өзүнө чектеш аймагын 1,5 га өлчөмүндө мыйзамсыз ээлеп алып, документтерди Баткен шаардык башкармалыгы аркылуу мыйзамдаштырган.
Ошол жерге чарбалык курулуштары бар турак үй курган. 2004-жылы кылмыштуу кирешелерин жашыруу максатында мүлктү жакын тууганына каттаткан.
Ал өзүнүн кылмыш чөйрөсүндөгү абалынан пайдаланып, Баткен районунун аймагындагы бир нече жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлк объекттерин мыйзамсыз ээлеп алып, жакын туугандарынын атына каттатып алган.
Баткен районунун Бүжүм айылындагы 15 гектар айыл чарба жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып, эгиндерин сугаруу максатында калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу «Таза-Суу» скважинасына өзүм билемдик менен кошулган. Натыйжада, аталган конуштун тургундарында ичүүчү суунун жетишсиздиги көйгөйү жаралган.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин электр энергиясын өз алдынча пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2001-2025-жылдары электр тармактарына эсепке алуучу шайманы жок мыйзамсыз кошулуп, натыйжада мамлекетке 1 млн.200 миң сомдон ашуун зыян келтирген.
Тинтүү учурунда каттоосу жок ок атуучу куралдар, ок-дарылар табылган. Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүүдө.