Равшан Жээнбековдун үйүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан тинтүү жүрүп жатат.
Бул тууралуу Жээнбеков өзү «Марал» радиосуна тастыктады.
Анын айтымында, тинтүү өзүнүн үйүнө эле эмес ал тургай, эжелеринин үйүнө да жүргүзүлүүдө. Азырынча тинтүүнүн себеби белгисиз.