27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып барып, муунтуп өлтүрүп андан соң өзүнө кол салган делген 35 жаштагы шектүүнү сүрөтү жарыяланды.
Белгилей кетсек, кечээ, 7-апрелде ала качууга катыштыгы барлардын бири болгон кармалган. Алар 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы белгисиз 3 адам көчөдөн күч колдонуп ала качып кетишкен. Изделген унаа 3 күндөн соң табылып, анын ичинен ала качкан бала менен кыздын жансыз денеси табылды.