Референдумда добуш берилген 89 830 бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Жарыксыз болгон бюллетень 6,94 пайызды түзөт. Референдумга 1 миллион 325 миң 254 шайлоочу добуш берген. Референдум өттү деп табылды.
Бул автоматтык түрдө санаган урналардагы добуштардын 96,34 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтык. Референдумда 79,25 пайыз шайлоочу «макул» деп, пайызы «каршы» добуш берди.