Бишкек шаарындагы бардык автоматтык эсептөөчү урналардан келген маалыматтар эсептелди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Белгилүү болгондой, алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү.
Алар:
«Биздин эл» — 10326 добуш же 7,76 пайыз,
«Ата-Жур Кыргызстан» — 12736 добуш — 9,57 пайыз,
КЭДП — 14166 добуш же 10,64 пайыз,
«Ак Бата» — 16352 добуш же 12,24 пайыз,
«Эмгек» — 18578 добуш же 13,96 пайыз,
«Ынтымак», — 10 999 добуш же 7,41 пайыз.
Жергиликтүү кеңештен мандатка ээ болуу үчүн саясий партиялар 7 пайыздык босогодон өтүшү керек.