7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рейтингдик мелдеш: Кыргызстандын капчыгында дагы эки медаль

250

Монголияда өткөн Open Ulaanbaatar рейтингдик мелдешинде Кыргызстандын капчыгына дагы эки медаль кошулду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Эркин күрөш боюнча балбандар Аден Сакыбаев коло байгеге, Рустамжан Кахаров күмүш медалга ээ болушту.

Кахаров 70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалда монголиялык Усухбаатар Баатархууну 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Ал эми финалда монголиялык Тулга Тумур Очир менен беттешмек, бирок алган жаракатынан улам килемге чыга албай, күмүш медалдын ээси болду.

Аден Сакыбаев 70 кг салмак категориясында күч сынашып, коло медаль үчүн беттеште монголиялык Усухбаатар Баатархууну 4:3 эсебинде жеңип, рейтингдик турнирдин коло медалын багындырды.

251