7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спорт академиясы олимпиадалык талаптарга ылайык реконструкцияланууда

172

Бишкек шаарындагы Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министирлигинен билдиришти.

Министр Нурдан Орунтаев объекттеги курулуш иштеринин алгачкы этабы менен таанышты. Ал объект олимпиадалык талаптарга ылайык курулуп жаткандыктан, курулуш иштеринин сапатын жогорку денгээлде камсыз кылуу зарылдыгын билдирди.

70 жылдык тарыхы бар спорт академиясында ишке ашырыла турган негизги иштер:

  • Союз мезгилинен кийин пайдаланылбай калган бассейн калыбына келтирилип, үстү жабылган заманбап спорттук объектке айландырылат;
  • Стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөт;
  • Жаңы окуу корпустары, аудиториялар, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана санитардык-техникалык жайлар курулат;
  • Аймак толугу менен көрктөндүрүлүп, заманбап инженердик коммуникациялар тартылат.

173