7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин онлайн катышуусунда Кара-Сууда 225 ипотекалык батир тапшырылды

290

Бүгүн Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы «Асман Резиденс» турак жай комплексинде курулган ипотекалык батирлер өз ээлерине тапшырылды. Бул туураалуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Бул иш-чаранын алкагында беш кабаттан турган беш блок үй, тагырак айтканда, жалпы 225 батир берилди. Анын ичинде, бир бөлмөлүү — 50 батир, эки бөлмөлүү — 125 батир жана үч бөлмөлүү — 50 батир бар.

Турак жай комплексинде 830 чарчы метрди түзгөн балдар аянтчасы, 74 орундуу жер үстүндөгү унаа токтотуучу жай,  футбол аянтчасы жана спорт комплекси бар.

Учурда аталган аймактагы дагы 1,95 гектар аянтка кошумча беш кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

291