Ички дүң жыйымдын (ИДП) жан башына үлүшү дүйнө жүзүндө өлкөнүн экономикалык абалын баалоодо эң көп колдонулган индикаторлордун бири катары каралат. Ал эмне, кантип эсептелет десеңер, өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлар менен кызматтардын жалпы көлөмүн ар бир жаранга бөлүп эсептейт. Ошондуктан бул көрсөткүч экономиканын канчалык өсүп жатканын түшүнүүгө жардам берет.
Ойлобогула бул сандарды мен эле ойлоп таап койдум, же бирөөнүн пикиринен алынган деп. Эл аралык уюмдардын жана дүйнөлүк аналитикалык платформалардын маалыматтарында эсептелип чагылдырылган көрсөткүчтөр.
Албетте, Кыргызстанда да көйгөйлөр бар, аларды эч ким танбайт. Баалардын өсүшү, жумуш орундарын түзүү, аймактарды өнүктүрүү сыяктуу маселелер дагы деле актуалдуу. Бирок көйгөйлөрдүн бар экенин айтып жатып, экономикалык өсүштү толугу менен жокко чыгаруу да туура эмес. Бүгүн керек болсо дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрү дагы инфляция, миграция, турак жай, бюджет тартыштыгы сыяктуу маселелер менен күрөшүп жатышат.
Ал эми фактылар көрсөткөндөй, эгемендүүлүк жылдарында жана өзгөчө акыркы жылдары Кыргызстандын жан башына ИДПсы тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти. Мындай өсүштү кабыл алуу же толук игнор кылуу ар кимдин өз иши деңизчи, бирок цифраларды жокко чыгаруу мүмкүн эмес.
Автор: Атай Бейшенбек




