Бүгүнкү күндө республика боюнча 2 миң 285 бейтап стационардык дарыланууда. Бул тууралуу штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, амбулатордук дарыланууда 4 миң 323 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны:
- Бишкек шаары – 1 миң 17,
- Ош шаары – 202,
- Чүй облусунда – 390,
- Ош облусунда – 274,
- Талас облусунда – 28,
- Нарын облусунда – 40,
- Ысык-Көл облусунда – 135,
- Жалал-Абад облусунда – 120,
- Баткен облусунда – 79.
Белгилей кетсек, стационарда дарыланып жаткан 2 миң 285 бейтаптардын ичинен, 19 адамдын абалы канааттандырарлык, 1 миң 501 бейтаптын абалы орто оор абалда, 664 адамдыкы оор абалда жана 101 бейтаптыкы өтө оор абалда.