7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Республика боюнча саат 12:00гө карата 8,3% шайлоочу добуш берди

290

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого республика боюнча саат 12.00гө карата 343 миң 11 жаран катышты. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочлардын 8,3 пайызын түзөт, өлкө боюнча 4 млн 135 миң 39 шайлоочу катталган.

«Саат 12:00гө карата маалымат боюнча, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 126 миң 967 жаран катышты, бул 7,84 пайызды түздү. Ал эми айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого 216 миң 44 жаран добуш берди, бул 8,59 пайызды түзөт. Аралыктан добуш берүү тууралуу айтсак, 2 миң 652 жаран шайлоого катышты. Бул 29,3 пайызды түзөт”, — деди ал.

291