Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 5-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Андан соң эки мамлекет башчыларынын чакан курамдагы сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Стратегиялык кызматташтыктын Жогорку кеңешинин алтынчы жыйыны болуп өттү, анда кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды.
Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришти жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Саламаттыкты сактоо, энергетика, экономика жана финансы, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук, маданият жана башка негизги багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу 19 документке кол коюлду.
Андан кийин Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасап, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасына болгон тышкы карызын кечүү тууралуу кабыл алынган чечимин жарыялады.
Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сый жана ыраазычылык иретинде Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Сапарын аяктап жатып, Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Президентине Түркияда өндүрүлгөн электромобилди белек кылды.
Эртең, 6-ноябрда, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.