Молдовановка айылында КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан курулган бетон заводунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев, юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Темирлан Баймырзаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ЖАКтын төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаров жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.
Жаңы бетон заводун түзүүнүн негизги максатарынын бири — Бишкек, Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаарларынын чегинен тышкары жайгашкан ЖАКтын мекемелерин куруу үчүн курулуш материалдары менен тез жана сапаттуу камсыз кылуу. Бул демилге 2022-жылдын 31-мартында бекитилген ЖАКтын мекемелерин көчүрүү боюнча Жол картасынын алкагында ишке ашырылууда. Заводдун ишке киргизилиши бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдаланууга жана өзүбүздүн өндүрүштүн эсебинен курулуш материалдарын сатып алуу баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Өз сөзүндө Аскат Эгембердиев бул Жазалардыаткаруу кызматы үчүн маанилүү окуя экенин билдирди. “Биз Кыргызстанда азыркы учурда теңдеши жок заманбап завод ачып жатабыз. Аны ишке киргизүү-бул мекемелерди эл аралык стандарттарга ылайык шаардын чегинен тышкары жайгаштыруу боюнча иштөөгө мүмкүндүк берген актуалдуу чечим, бул соттолгондорду кармоо шарттарын модернизациялоого жана жакшыртууга мүмкүндүк берет»-деп кошумчалай кетти.
Завод ЖАКка караштуу “Механизациялаштырылган көчмө колонна» мамлекеттик ишканасы тарабынан курулган. Анын сметалык баасы 30 млн сомду түзүп, өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 100 куб метр бетонго жетет. Курулуш иштери 2024-жылдын августунда башталып, ошол эле жылдын ноябрь айына чейин завод пайдаланууга берилген. Өндүрүштү баштоо 10 жаңы жумуш ордун түзүп, жергиликтүү экономикага да оң таасирин тийгизет.