«Мен сиңдим менен таймашпайм. Биздин ортобузда беттеш болушу мүмкүн эмес”,- деди Валентина Шевченко Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
«Апабыз муну кандай кабыл аларын элестете дагы албайм. Антонина экөөбүздүн менталитетибиз төмөнкүдөй — кандай гана болбосун жеңүү. Октагонго кирерде күлбөйүз. Абдан олуттуу. Жеңиш үчүн акырына чейин барууга даярбыз. Ооба, машыгууда кармашышабыз, бирок эже-сиңдинин урушу туура эмес. Андай эч качан болбойт «, — деди ал.
Эске салсак, UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекке 21-ноябрда учуп келген. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан күйөрмандар тосуп алышты. Ал 2019-жылдан бери келе элек болчу.