Далайга асманды карап отурган карыя колундагы муса таякка макиси менен эн салды да, чакырыкка жете келген жигитке кайрылып: «журт кабары, айттыргыла! Үч аркар жетекке түшүптүр, майтопондой электе аркы аптанын башынан кышкы согумду баштап, арчабакандап алышсын» деп этегегин кага ордунан турду.
Деги айланайын, эмне деген керемет, кут даарыган чексиз терең элбиз!!! Аалам менен акылдашып, жылдыздын жылганы менен мал союп, үркөрдүн чыкканы менен жайлоого көчүп, айдын тогошу менен көч баштаган айкөлдүн элибиз!