«Аль-Наср» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Иранда буту менен портреттерди тарткан белгилүү сүрөтчү Фатима менен жолугушту. Ал футболчуга буттары менен тарткан эки баалуу сүрөт белекке берди.
Фатима укмуштуудай портреттерди буттары менен гана жаратат, анткени анын денесинин 85% иштебей калган. Бирок бул анын талантын өнүктүрүүгө тоскоол болгон эмес.
Роналду Ирандын борборуна Азия чемпиондор лигасынын алкагында «Персеполис» командасы менен беттешүү үчүн келген. Ал Фатиманын тоскоолдуктарга карабай иштеп жаткандыгын көрүп кубанып, буга себепчи болгондугуна сүйүндү.