7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор». Ошто окуучуну урушкан мугалим кайра ишке алынган

242

Ош шаарында 1-класстын окуучуларын “мал” деп тилдеген мугалимди кайрадан мектепке ишке алышкан. Акыйкатчы институту Билим берүү жана илим министрлигин балдардын билим алууга карата укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Ош шаарынын тургуну Г. И. Акыйкатчы институтуна анын балдарынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган. Окуу жылы башталгандан кийин ал балдарын жалпы билим берүү мектептеринин биринен алып, жеке менчик мектепке киргизүүгө мажбур болгон, анткени мектепке өткөн жылы анын 1-класска кирген уулун кемсинткен мугалим кайтып келген.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин биринде мугалим биринчи класстын окуучусун- Г.И.нин уулун “мал” жана “акмак” деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле ал класстагы балдарды “жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор” деп урушкан. Мунун баары уулунун смарт-саатына жазылып калган. Үн жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан. Үн жазуу ошондой эле социалдык тармактарга жарыяланган. Инцидент резонанс жаратып-башка окуучулардын ата-энелери да нааразы болушкан. Бул окуядан кийин мугалим 2022-жылы 30-сентябрда жеке арызы менен жумуштан бошоого мажбур болгон.

Бирок 2023-жылдын 4-апрелинде ал кайрадан ушул эле мектепке мугалим болуп ишке кирген. Аталган фактыга Г. И. нааразы болуп, адегенде мектеп жетекчилигине кайрылып, андан кийин алардан аракет болбогондо Акыйкатчы институтуна арыз жазган.

Акыйкатчы институту 2023-жылдын май айынан бери Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакырган. 21-августта министрликтен У. И.ни тажрыйбасын эске алып кайрадан мектепке ишке алышканы айтылган жооп келген. Ушул эле катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта иш алып бара турганы эскертилген эмес. Анан калса министрлик мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогонун белгилейт.

Бирок институт Башкы прокуратурага аталган мугалимдин аракетине баа берүү чакырыгы менен расмий билдирме жөнөткөн.
Акыйкатчы институтуна келген көзөмөл органы берген расмий катта ал мектеп окуучуларын кемсинтүү жана басымырлоо менен Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-беренесин бузганы айтылат.

Ошондой эле 2023-жылдын 1-августунда аталган мектептин директору Б. Ж.га сөгүш жарыяланганы маалымдалган. Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова Г. И. балдарын коргоо максатында аларды жеке менчик мектепке берүүгө мажбур болгонун белгиледи.

Бөлүм башчы берген маалыматка таянсак, 16-сентябрда Г. И.ге жеке менчик мектептен телефон чалышып, документтерди алып кетүүнү айтышкан. Г. И.нин айтымында, жеке менчик мектептин директору анын балдарын мектепке кабыл алуудан баш тарткан.
“Силерди Ош шаарындагы баардык мектептердин “кара тизмесине” киргизип салышты деп айтып жатышат дейт ал. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок директор уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?,- деген аргасы кеткен аял ыйлап. Акыйкатчы институту Министрлер кабинетин балдардын билим алууга карата укугун сактоону камсыздоого жана баланын укуктарын бузууга өтө эле одоно жол берген тараптарга чара колдонууга чакырат.

“Билим берүү министрлигин педагогдун, ошондой эле шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин аракетине баа берүүгө чакырабыз. Кенже класстын балдарына жаман айтып жана тилдеген, аларды кыйкырып урушкан педагогдун мугалим болууга моралдык укугу барбы?,-деп белгиледи Наиля Токтосунова.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкери Бүбүсара Анарбек кызы аталган кейсти туруктуу негизде карап жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

243