Саудиялык «Аль-Наср» клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы 850-голун киргизди. Бул тууралуу Tengri Sport жазып чыкты.
Бул Сауд Арабиянын чемпиондугунун 5-турунун беттешинде болду, анда «Аль-Хазм» өз талаасында «Аль-Наср» командасын кабыл алды.
Карьерасындагы голдордун саны боюнча рекордду Роналду жараткан. Анын эсебинде клубдарда – 727 гол, Португалия курамасында – 123 гол бар.
Эскерте кетсек, 29-августта Роналду улуттук лигаларда да гол киргизүү боюнча дүйнөлүк рекорд койгон. Ал Сауд Аравиянын чемпионатында «Аль-Шабааб» менен болгон беттеште эки жолу гол киргизип, улуттук лигаларда 516 жана 517-голдорду киргизген.