7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия буудайды экспорттоого тыюу салат. Бул Кыргызстанга кандай таасир этет?

470

Россия өкмөтү 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 31-майына чейин буудайды экспорттоого тыюу салууну пландоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору нормативдик актылар порталына жарыяланды.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги бул токтом долбоорунун Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ЕАЭБтин чечимдеринин алкагында ар бир мамлекет экспорттоого жана импорттоого мүмкүн болгон айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү боюнча өндүрүштүн болжолун жана калктын керектөөсү боюнча суроо-талап жана сунуштардын негизинде индикативдик баланс түзүлүп, чечим кабыл алынат. Бекитилген индикативдик суроо-талап жана сунуштарга ылайык, бардык мамлекеттер бекитилген көлөмдөгү товарларды жеткирүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда катуу буудайдын көлөмү жылдын аягына чейин жетиштүү экендигин кошумчалашты.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, Россия буудайды экспорттоого чектөө киргизүү чечими үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү. Башкача айтканда, ЕАЭБтин алкагындагы келишимдер боюнча Россия Федерациясынан Кыргызстанга буудай данын жеткирүү токтогон жок жана чектөө болбойт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өз кезегинде ушул жылдын 12-сентябрында 6 айлык мөөнөткө буудайды жана унду экспорттоого тыюу салган.

471