Чет мамлекеттин аймагындагы согуш аракеттерине, террордук аракеттерге катышуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 1995-жылы Жалал-Абад областында туулган Т.Х.Х. аттуу жараны. Ал 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Джихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, Сирияга жеткирилген. Ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Кармалган адам камакка алынды.