7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия менен Өзбекстан «Спутник V» вакцинасын биргелешип өндүрүүнү макулдашты

640

Ташкент менен Москва «Спутник V» вакцинасын Өзбекстанда өндүрүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ташкентке иш сапары менен барган Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко өзбек тарап вакцинанын өндүрүшү үчүн аянтча даярдап койгонун билдирди.

«Эки өлкөнүн президенттеринин тапшырмасынын алкагында Өзбекстанда «Спутник V» вакцинасынын өндүрүшүн жолго коюу тууралуу макулдаштык», — деди Мурашко.

Өткөн жумада Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Сочиде жолукканда Москва коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирген.

«Россия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат», — деген Путин.

Эскерте кетсек, 22-апрелде Бишкекке Россиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан сатылып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

641