7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда эки кыргызстандыкты унаа коюп кетти

499

Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандыкты унаа коюп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 25-апрелде 65 жаштагы айдоочу Toyota Succeed унаасы менен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 21 жаштагы эки кыргызстандыкты сүзүп кеткен.

«Кыргызстандын Владивостоктогу элчилигинин кеңсеси укук коргоо органдары менен байланышып, окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат. Окуяны объективдүү иликтөө жана жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен орус тарапка кайрылуу жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

500