7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда кыргызстандык жубайлар жол кырсыктан каза болушту. Жардам керек

2306

Орусиянын Сургут шаарында кыргызстандык жубайлар жол кырсыктан каза болушту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-октябрда Сургут-Когалым унаа жолунда болгон. Сургуттан Ноябрскти көздөй бара жаткан Hyundai унаасынын 22 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында кирип кеткен.

Унаанын айдоочусу, 19 жаштагы аял киши жана 36 жаштагы эркек киши жеринен каза болгон. Ошондой эле унаанын ичиндеги дагы бир 19 жаштагы жаран ооруканага жеткирилген.

«Биз кимге барып, сөөктөрдү качан жана кантип алып чыгып кетишибизди билбей жатабыз. Маркумдардын сөөктөрүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн акча чогултуп жатабыз. Каза болгон кыздын агасы менен маркумдун досу аракет кылып жатышат, бирок азырынча жылыш жок», — деп билдирген окурман.

Кыргызстанга сөөктөрдү ташууда каза болгондордун жакындарына колдоо көрсөтөм деген мекендештер +996555775368 (Оксана) номерине кайрылса болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2307