7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда мигранттарга өлкөгө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу пландалууда

485

Россияда эмгек мигранттарына өлкөгө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Леонид Слуцкий башында турган ЛДПР партиясы Мамлекеттик думанын кароосуна киргизет. Анын оюнча эмгек мигранттарынын үй-бүлөсү аларды мекенинде күтүшү керек.

Аталган документте Россиянын жарандыгы жок болгон, эмгек келишим же патенттин негизинде иштеген төмөнкү квалификациядагы адистерге үй-бүлөсүн Россияга алып келүүгө тыюу салуу каралган. Эгер чет элдик жогорку квалификациядагы адис болсо, мыйзам ага тиешелүү болбойт.

«Бул жакта иштеп жаткан чет элдиктердин жакын туугандары Россияга келип, анклав болуп жашашат, өз тилинде сүйлөшөт, жергиликтүү тургундарга тоготпогондой мамиле жасашат. Мигранттар турган батирлер коммуналдык кызматтар үчүн акча төлөбөй жүрүп, чоң карыз топтоп койгон, ал маселени үй ээлери чечүүгө аргасыз болгон учурлар көп. Бул маселелердин баарын жокко чыгарып, квалификациясы жок чет элдиктерге бул жакта иштеп жаткан маалда үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу керек. Келдиңби, иштедиңби – кайра үйүнө кайт. Башка сөз да болбош керек», — деген ал.

 

486