7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Самат Мордовиянын башчысы менен жолугушту

434

3-июнда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат РФнын Мордовия республикасынын башчысы Артём Здунов менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-россия аймактар аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилөө менен элчи эки тараптуу мамилелердин укуктук негизин түзүүнү, Кыргызстан менен Мордовиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатында соода номенклатурасын изилдөөнү жана кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоо үчүн эксперттик деңгээлде делегациялар менен алмашууну сунуш кылды.

Мордовияда топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен кыргыз фармацевтикалык адистерин окутуу жана даярдоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу баса белгиленди.

Эскерте кетсек, сүйлөшүүлөр Санкт-Петербург шаарында кыргыз делегациясынын Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуусунун алкагында өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435