7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Алайга бара жаткан тик учак авария болуп, 15 жаран жеңил жаракат алды

1261

Алай районунда МИ-8 Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулады. Бул тууралуу бир катар басылмалар жазып чыкты.

Эске салсак, бүгүн 4-июнь эрте менен Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев баштаган делегация 2 учак менен жөнөп кетишкен. Алардын бирөо авариялык абалга жерге конгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык тик учакта учкучтар менен чогуу 15 адам бар болчу.

Өздүк булактар билдиргендей, кырсыктын кесепетинен бир нече адам жеңил жаркат алды. Оор жаракат алгандар жок.
Айрым булактар авария болгон учакта УКМКнын төрагасы да бар болгондугу айтылып жаткан. УКМКнын маалымат кызматы Камчыбек Ташиев башка учакта болгондугун тастыктады.
Тик учак абадан коргонуу күчтөрүнө таандык.

Ташиев Чоң-Алайга барды, Тажикстандын тийиштүү жетекчилери чалууларга жооп бербей жатканын айтылат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1262