7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Чоң-Алайга барды, Тажикстандын тийиштүү жетекчилери чалууларга жооп бербей жатканын айтылат

1752
 Чек ара кызматынын кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.
Бүгүн, 4-июнда таңкы саат 6:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак аймагында абал курчуп барап.
Буга байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна барышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
«Тажик тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына контейнер коюп, андан 600 метр аралыкта брондолгон унаалар, автоматтар менен тургандыгы байкалган», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Чек ара кызматы Кыргызстан тараптан абалды турукташтыруу боюнча чара көрүлүп жатканын, бирок Тажикстандын чек арага жооптуу өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышканын билдирди.
Учурда Чек ара кызматынын кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1753