7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Менин атымды жамынып иш кылгандар болуп жатат»

580

Президенттин атына жамынып иш кылган  адамдар болуп жатат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына жамынып алып, анын жакындарыбыз, кеңешчилерибиз же жардамчыларыбыз деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган  адамдар болуп жатат.

«Мамлекет башчысы буга чейин эле мындай адамдар, керек болсо алар анын туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз. Президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581